Реферат по предмету "Разное"


© Өмүрбүбү Бегалиева, 2007

© Өмүрбүбү Бегалиева, 2007. Бардык укуктар корголгонЧыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылганТекст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмесwww.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 4-ноябрыӨмүрбүбү БегалиеваБАЛ КИТЕП Ааламдан келген каттарII томОкурмандар бул китеп аркылуу Аалам–Адам байланышынын чексиздигине күбө болушат. Ааламдын Бийик Акыл-Эс Тутуму кыргыз тагдырын тура багытка бурууга жасаган аракети, китептин келечектүүлүгүнөн кабар берет. Ааламдан келген кабарлардын актуалдуулугу мына ушунда: китептин оң Жана терс каармандары Кыргыз мамлекетинин түптөлүш тагдырында кандайдыр бир деңгээлде олуттуу роль ойногон тарыхый инсандар жана биздин замандаштар. Калк тагдырын аркалаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар, тарых жана дүйнө тану илимдеринин изилдөөчүлөрү, жалпы окурмандар Бал Китеп аркылуу барчу жолдун багытын, баалуулуктун сапарын түкшүмөлдөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Анда, Бал Китеп баарыбызга бакубаттуулук тартуулоочу маанай ачсын, окурман!Колуңа ал Бал Китепти таштап жерге салбагын, Байлыгың - ал, бакытың - ал, бийик жерде кармагын! Пейлиң тарып, ичиң муздап, кыйноо сага келгенде, Барагын ач бул китептин, акылын ук о пенде! Боюңдагы бүлүк таркайт аздап сага күч толот, Күмөнсүнгөн бул жашоонун баркы кайра козголот!Бал Китеп сунган ааламдын түпкүр асманы, Жардамдаш болуп кыргызга катты жазганы. Каргаша баскан каран түн кетсин элимден, Жаркыган маанай апкелсин күндүн аптабы. Ай, жылдыз салган акылдын терең сыры бар, Көңүлгө түйсөң гүлдөйт дейт кыргыз бак-шагы.^ Маанилүү маселелердин түйүнү – мамлекетти РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУАдамдар жемиштүү жашоо үчүн бириккен чарбаны жүргүзүүдөн мурда мамлекеттин багытын туура тандашы эң башкы маселе. Мамлекеттин багыты бул анын алдына койгон бирдиктүү талабы. Талаптын мезгил мезгили менен өз ордун алмаштырышы жарамдуу маселе. Мамлекеттик идеялардын жыйындысы, анын күчтүү идеология булагы ал мамлекеттин барчу багыты, анын койгон башкы талабы жана мамлекеттин туу көтөргөн максаты болуп саналат. Мамлекеттик идеология Кыргызстанда төмөндөгүдөй жүргүзүлүүгө тийиш: Бирдиктүү системанын туура багытка өзгөртүлүшү менен жалпы калктын барчу максатын туура көргөзүүдө эң негизгиси – адамдарды туура багытка бура билүү. Ал ааламдан келген акыл-кеңештерди иш жүзүнө ашыруу. Бул тармак өтө кеңири болууга тийиш. Жалпы калктын алдыңкы катмарындагы акылмандарды алдыга алып чыгып, алардын даанышман иш-аракеттерин мамлекеттин эсебинен калкка жайылтуу. Жарамдуу бөлүктөрүн көңүлгө сиңирүү менен бирге аларды мамлекеттин башкы акылман катмары катары кабыл алуу. Өз мезгилинен артта калбаган адамдарды бийлик трибунасына алып чыгуу менен акылмандарга бийлик трибунасынан орун берүү. «Бийликтин бирдиктүү жүрүшү калк кызматын аткарууга тийиш» талабын ишке ашыруу. Жигердүү иш-аракеттерди мамлекеттик деңгээлде аткаруу. Адамдардагы ачкөздүк (коррупция), ыймансыздык, ырыс-кешик арттыруу маселелерин айкын ачып, алдыга толугу менен алып чыгуу калкты туура багытка тарбиялай тургандыгын эске алуу маселеси бүгүнкү күндө мамлекеттин эң биринчи идеологиясына айланууга тийиш. Жалпы рухий дөөлөттөрдү калкка жайылтуу маселелери калктын деңгээлин жогору көтөрөт. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кыргыз мамлекетине керектүү идеолгиянын эң башкы башатында, ааламдын жерге жиберген акылман багыттамаларын окуп үйрөнүү менен бирге калктын акылман катмарын алдыңкы катарга алып чыгуу аркылуу мамлекетин иш-аракеттерин туура багытка салуу жалпы калктын деңгээлин жогорку тепкичке көтөрө тургандыгын айтууга тийишпиз. Эң негизги максат - калктын аң-сезимин оң тарапка буруу маселеси мамлекеттин идеологиясы катары ар тараптуу колго алынсын. Мамлекеттин идеологиясы анын өнүгүп-өсүш процесстеринде ар кыл тараптан өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ал процесстер прогресске жараша ишке ашырылат. Бүгүнкү күнкү негизги маселе адамдарды ар тараптуу толугу менен тарбиялоо, калктын катмарын, аң-сезимдүү бөлүктөрүн туура багытка буруунун мааниси – эң керектүү маселе. Бул РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУЛУК деп аталат. Мамлекетти РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУ маселесин колго алуу керек. Калган маселелер анын тегерегинде болуп келген жана боло берет. ^ Шаршемби, 2-Май 2007-ж.Ташкент фармацевтикалык институтунда окуган мезгилимден тартып эле бир Күчтүн күчтүү контролдугу астында темирдей тартип сактап келдим. Ошол мезгилде мени Кудайдын Ааламдык системасына салуу процессии болгондугун азыр айкын билем. Ал кезде жаным аркылуу туюп сезгендеримди так аткарууга аракет жасачу элем. Ал талаптардын эң негизгиси болуп мамлекеттик Навои китепканасына киргенде, отуруп реферат даярдап же айрым китептерди окуганымда жаным бир укмуштуудай каалгыган бактылуулуктун шарапаты урганын сезип, Навоиге көбүрөөк барууга аракет жасачумун. Андан тышкары бир жашыл парктын ичиндеги (азыр эсимде жок) кичирээк китепканага күн сайын барууну сүйөөр элем. Менин жаным китепканаларга кирип колума китеп алып окуганымда гана Жан балкыткан бактылуулуктун, аруулуктун сапарын сездирип, сергитээр эле. Китеп ачып окубасам жаным кыйнала бергендиктен мен беш жыл китепканаларда күн сайын болор элем. Андан тышкары кол сумкамда сөзсүз китеп салынып жүргөндө өзүмдөгү бүтүндүктү сезчимүн. Ооба, студенттик күндөрүм эң бактылуу мезгилим болгон. Алдымда чалкып жаткан океанды сүзүп өтүүгө мүмкүнчүлүгүм бар экенин Навоиге барганда айрыкча дана сезчимүн. Фармацевтикалык предметтерди, лекцияларды тез өздштүргөндүктөн дүйнөтаанымга болгон кызыгуумдун үстүнөн айрым учурда иштедим окшойт. Ошентип мен Фармацевтикалык институту жалаң беш менен окуп Кызыл дипломго ээ болдум. Институту аяктагандан кийинки он жылдык өмүрүм жан чыдагыс Жан дүйнөмдүн кыйналуусу болду. Ал жылдар менин он жылдык жашоомду жокко чыгарды. 1991-жылдан баштап менин көзүмө көрүнбөй бирок ар кандай белгилерди берүү аркылуу белгисиз, бирок жагымдуу күчтөр мени өз жетегинде ээрчитип жүрүштү жана ал күчтүн таасири мени адамдар менен алака кылып жашоодон алыстатты. Чындыгын айтканда мен кадимки адамдардын жашоо тиричилигинин түйшүгүн тартканым менен алар аралашкан материалдык дүйнөнүн ырахатын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн көптөгөн жылдар таптакыр алыс болдум. Мен тирүү адам болгонум менен жашоо образым жер адамдарынын жашоосунан түп-тамырынан айырмасы бар эле. Арак ичилген чөйрөгө отургузбайт. Кебездей жумшак кол колумдан тартып жетелеп кетет. Ал кол Олуя апанын колу экендигин кийин көзүмө көрүнгөндө аныктадым. Же болбосо магнит менен тарткандай билгизбей ордуңан тургузуп алып кетишет да өз үйүңдө жалгыз отурууга мажбурлайт, б.а. медитация процесси башталат. …Конокко барсам спирт ичимдигин куюшту. Аны колума алсам, чачым узун, өрүлгөн эле, бирөө чачымдан катуу артка тартты. Бул ичпе деген белги эле. Дагы бир жолу шампан куюшту. Колума алсам чачым артка тартылып, эркек кишинин чоң колу мойнумдан кыкындырып баштады эле көзүмдөн жаш мөлт-мөлт деп атып кетти. Ошол кол Манастын колу экендигин кийин аңдадым. Жок ичпейм деп айтканымда карылуу чоң кол коё берди. Мен ошентип спирт ичимдиктерин такыр ичпедим. Адамдар арасында отуруп калсам томөнтөн этек-жеңимден кетели деп тарткылай берүшчү эле. Мен ойлочум: колдогон майда жандыктар го деп. 1995-жылы көзүмө көрүнгөндө абайласам Пати жолборс, Люпи жылаан, башка ак жылаандар окшойт. Кийин түшүнсөм Кудайдын системасына киргизип, Кудайдын сөзүн оозго салуу процессине даярдоодо системалык темирдей тартип талап кылынат экен. Ошол даярдыктардын баарынан кылдат өткөндө гана байланышка чыгуучу каналдар толугу менен ачылып, Кудайдын берчү мыйзамдарын, жолдомолорун, осуяттарын алуу мүмкүнчүлүгү ачылаарын кийин түшүндүм. 1994-жылы октябрь айынын башында Аалам менен байланышуунун ачык формасы ишке ашты. Бардык деталдарына кайрылып отурбайын. Мага тил салуу процессинен (үшкүрүнтүп жанымды алып, ордуна периштенин жанын салып, тилимди алдыга сундуруп, курч скалпель менен кесип менин ордума периштенин жаны сүйлөп менин айтчу ойлорум менин тилиме түшпөй абада каалгып, менин денем мага баш ийбей калды) кийин оозумдун ичи күйүп ысып, башым эңги-деңги болуп айланып, өзүмдү жер бетинде басып эмес каалгып учуп жүргөндөй сезе баштадым. Бир күч мени үйдүн ичиндеги люстранын астына тартты. Мен люстранын астында айланып, башка үн менен сүйлөй баштадым. Улуу Куч – Кудай менен сүйлөшүүдө төмөнкүлөрдү эстеп калдым: Сен азыр Мени менен – Улуу Алла Таала - Кудай менен сүйлөшүп жатамын деп бил. Сен жакын арада оорулуунун бардык түрлөрүн кабыл алып дарылайсың. Эч нерседен коркуунун кереги жок. Баарына биз өзүбүз жооп беребиз. Сен мурунку бешинчи жашооңдо Ак Мөөр болуп жаралгансың. Келечекте дүйнөгө даңкың таралган акын жана пайгамбар болосуң. Мындан ары Мен сенин тилиңди колдонуп өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуң менен сүйлөйм. Сен Мени гана көрүүгө мүмкүнчүлүгүң болбойт. Бирок сени менен иштеше тургандарды көзүңө көргөзүп, тааныштырып чыгам. Жакын арада ушул элдин борборуна барып орун алууң керек (албетте мен аны Бишкек деп түшүндүм). Сени жакында адамдар таанып, атагың тездик менен чыга баштайт. Сен ишти баштооң керек. Калганын Мен Өзүм бүтүрө берем. Ооба, Ал Күч-Кудай айткандай эле эртеси менин көзүмө ар кыл адамдар көрүнө баштады да, тилим башкача сүйлөп калды. Ал адамдар көрүнгөнү менен аларды кармоого мүмкүн эмес эле. Жөн гана аба боштугу. Алар тирүү адамдарай эмес бүлбүлдөк (прозрачный). Эң биринчи көзүмө көрүнгөнү узун аппак сакалдуу, узун чапанчан, шыңга бойлуу өтө бекем киши болду. Бул киши жер бетине эң биринчи жаралган адам Олуя Ата деп тааныштырды. Андан кийин бурч жакта, комнатанын батыш тарабында пайда болгон ак элечекчен кыргыз түстөгү, кыргыз кийимчен өтө сыпайы байбичени тааныштырышты. Бул эң биринчи жаралган аял, кыргыздарда Умай Эне деп таанышат – Олуя Апа дешти. Ал дайым сенин жаныңда жүрөт. Керек учурларда жер шарынын башка бурчтарына тездик менен барып келет. Булар экөөсү тең жер бетинин үстүндө жүрүшөт. Урпактарынын кетирген күнөөлөрүн, каталарын оңдоп оң жолго буруу менен алек. Мен ошондо 1991-жылдары кебездей жумшак колу менен мени адамдар арасынан көзүмө көрүнбөй жетелеп же ээрчитип алып кетип жүргөн Олуя апа болгон окшойт го деп божомолдодум. Көп учурларда бир күчтүн артынан ээрчип жүрчү элем. Кээде жумшак колу менен колумду кармап мени жетелечү. Бирок Ким экенин аңдап көрүү мүмкүнчүлүгүм жок эле. Экинчи күн ошентип өттү. Үчүнчү күнүндө жалтыраган парча чапанчан, башында да хандар кийгендей баш кийими бар, өтүгүнүн учу өйдө караган тез кыймыл аракеттүү адам пайда болду. Бул сайраган куш, айбанаттардын тилин билген, падышачылык кызмат өтөгөн так Сулейман деп тааныштырды. Кудайдын тилинде Суп Сулейман деп аталат экен. Бул киши сенин бешикте жаткан кезиңен баштап акыл салып тарбиялап келген окутуучуң деген биоимпульс келди. Мага деги тынчы жок кишидей, чебелектеп эле чарк айланып жаткандай сезилди. Бул киши эми баарыбызга белгилүү Царь Соломон же Сулайман пайгамбар. Ушул кишинин окуучусу болуп келдиң. Эми анын да жолун улантасың деген биоимпульс кайталанды. Төртүнчү күнү эртең менен Карабууранын Кызыл-Адыр айылынын мен жашаган Карла Маркса көчөсүнүн 8-үй, 2-квартирасынын маңдайында жайланышкан «Сейтек» кинотеатрына паралелл тротуардын башынан аягына, райадминистрация турган имаратка чейин катарга тизилген кара чатыраган атчан, кара кийимчен, курал-жаракчан аскер жоокерлерин көрдүм. Булар Мухаммед пайгамбардын аскер командасы эле. Мухаммед пайгамбардын ошондогу сөзү эсимде: Мен кыргыздарды динсиздер деп эсептеп жаман көрчү элем. Жок буларда да Кудай дегендер бар экен, сыйлап калдым,-деди. Мухаммед пайгамбар менен менин сүйлөшүүлөрүм китептерде көп жазылды. Таап окуса болот. Эң алгач жазылганы «Ааламдан кат» ырларында айтылгандар. Бешинчи күнү өзүмдүн жеке менчик дарыканамда ак халат кийип кардарлар менен турсам асманды көздөй тартышты. Карасам торгойдой болгон караан алыстан көрүндү. азыр сөздөрү толук эсимде жок. Бирок, асмандан бир шердин карааны келатат сыяктуу өтө катуу сүрөттөлгөн опурулган сөздөр оозума келе баштады. Ким болду экен деп таң калганым али да эсимде. Бир кезде дарыкананын ичинде, жаныма бою шыпты тиреген, кирпик-кашы төгүлгөн, буудай өңдүү, өтө тыкан коюлган сакал муруту капкара, көзүнүн сурмасы өтө сулуу көзү оттой балбылдап күйгөн, өтө сүрдүү, кабагы бийик, башында темирден жасалган шлем, үстүндө темир туулга, негизи баштан-аяк жоо кийимчен бою өтө бийик адам турду. Менин боюм кичирээк болгондуктан мен аны төмөндөн өйдө кызыгып караганым эсимден түк чыкпайт. Кирпиктеринин узундугу, коюлугу, бет түзүлүшү азыраак Сүймөнкул Чокморовго да окшошуп кеткендей азыр эстесем. Мурду кырдач. Бул асмандан менин көзүмчө түшкөндү Манас деп тааныштырды. Бир гана нерсени али күнчө эстей албайм, мен Манас менен биоимпульс аркылуу сүйлөштүмбү же кыргызча кадимки тил менен сүйлөштүмбү? Мен андан эмнеге сен жалгыз келдиң деп сурадым. Анда Манас: Талас өзүмдүн жерим болсо чоролорумду ээрчитип жүрмөк белем,-деди. Манастын турпаты Герцендин тарткан сүрөттөрүнө жакыныраак экен. Болгону мен тирүү Манасты көрдүм. Бардык жолугушууларда бир айтып койчу нерсе менин башым кату айланып, менин ордума суроолорду периштелер менин дилиме, тилиме салып атышкандыгын байкадым. Менин денеме биоток катуу өткөндүктөн мен алардын ышарааттарына каршылашпай макул болуп, өзүмдү өзүм билбей ааламдын жиберген дуйнөсү менен жашап, алар менен аралашып жаттым. Албетте ошол мезгилдерде дарыканага келген оорулууларды дарылоо процессии өзүнөн өзү башталды. Кудайдын салып койгон сздөрүн Кудай тилинде айтам. Ошол сөздөрдүн сыйкыры менен аларда сакайуу же өзгөрүү процесстери пайда боло баштады. Эң негизгиси эмне айтылса ошолор аткарылып, ишке аша баштаганы өтө таасирдүү көрүнүш эле. Алтынчы күнү Иса пайгамбар менен жолугушуу болду. Ал эмнегедир өтө чоң образда көрүндү.Мага Иусус деп айтышты, «Теңип, Аалам жана Мен» китебине да Иусус деп киргизилди. Кийин ырларда да Иусус деп журдүм. Кийинчерээк башка китептерде Иисус деп жазылганын окуп, айырмасы эмнеде болду экен деп ойлоп койдум. Жетинчи күнү Каныкей келди. Ал келе жатканда мен абдан кыйналып, анын жанынын кыйналышы мага берилди. Каныкей совет доорунда анын манасчылар Сагымбай, Саякбайга Манас айттыртып келгенинде, Каныкейдин алардын оозуна салып аткан сөздөрдүн көпчүлүгүн айттырбай, айрым жерлерин өз каалаганындай оңдошуп, бурмалашып Каныкейди кыйнашканын, ошондон бери алы кетип араң кыймылдап жүргөн арманын айтты. Каныкей келе жатканда жер астынан батыш тараптан келет деп көргөзүштү. Ал жети катар жер астында өз бийлигин жүргүзүп келет. Каныкейдин арманы Каныкейдин Сөзү деген ат менен биринчи «Аян» китебиме киргизилди. Сегизинчи күнү шыргыйдай, ашыкча илип алар эти жок, башына чалма чалынган, көздөрү өтө акылдуу түптүз адам көрүндү. Аны Абу Али Ибн Сина деп тааныштырышты. Тогузунчу күнү ж.б. дагы ар кандай окуялар болуп турду. Алардын ичинде мени жандап жүргөн араб жигити Мани менен тааныштым. Менин жанымдагы жолборс Пати, көбүн эссе улагада жатат экен комдонуп. Күрөң кара чаар жылаан Люпи да дайыма жанымда жандап жүрөт экен. Ошол аралыкта оорулууларды кабыл алып жаттым. Арасында албетте ар кандай кызыктуу окуялар болуп өттү. Азыр ал окуялар жөнүндө айтууну туура көрбөй турам. 1994-жылы декабрь аяктап калганда оору адамдарды кабыл алууну токтотуумду талап кылышты. Менде бакыраң көз Хасан деген дарыгердин башкаруусунда асмандын 2 миң дарыгерлери элди ар кандай жол менен дарылап жаткан эле. Дарыгерлерди кимдин карамагына өткөрүүнү билбей, дарлоону улантып жатсам, ага болгон шыгымды алып коюшту. Кызыгып элди дарылап жаткан мүмкүнчүлүгүм азайып, дарылоого боллгон кызыгуум таптакыр эле тездеп тарап кетти. Эми пайгамбарчылыктын жолун улантасың деген Кудайдын кату буйругун алдым. Бул жол мага өтө эле бүдөмүк жана коркунучтуу көрүнүп, пайгамбарчылык жолдон баш тартууга далбас жасадым. Бирок мени Кудайдын күчү күндөн-күнгө катуу көзөмөлгө алып, башымды катуу айландырып ар кандай амалдарга сала берди. Ошол аралыкта жанымды 60 күнгө асманга алып кетишип, ордуна бир периштенин жанын салып коюшту. Бул да өзүнчө бир чоң сөз. Ал тууралуу кийинчерээк баян кылармын. Жанымдын асманга барганында Мухаммед пайгамбар ж.б. жолугушканым «Ааламдан кат» ырымда баяндалган. Ал 1996-жылы «Теңир, Аалам жана Мен» китебине киргизилген. Январдын башында 1995-жылы, оозумдан ичи тилим ысып-күйүп, ысып, калемпирдин түрлөрүн тамакка чылап жей баштадым. Бир пачка ачуу калемпирди бир тарелка тамак менен жесем да оозум көп ачышпай жаным жыргап калчу. Тилим күйгөндөн тартып оозума алгач ырлар Кудайдын тили деген тилде келе баштады. Бир күндөн соң кыргызчага которулуп келип жатты. Азыр азыраак эсимде, Суп Сулейман тууралуу болсо керек эле. 17-январь күнү түнкү саат 12ден тарта Кутман Түн тособуз, дасторкон жайып, тамак-аш коюп, үй-бүлөнүн мүчөлөрү гана катышканга акысы бар деген сигнал келди. Түнкү 12де баягы көзүмө көрүнүп таанышкан пайгамбарлар дасторкон четине келе башташты. Ичинде жаңылардан Улукман пайгамбар бар экен. Ал тайып кетип бутумду аз кокустатып алдым деп сылтый басып бутун сүйрөп төргө чыгып олтурду. Ошол түнү мен күтпөгөн бир чоң окуя болду. Ак узун жөнөкөй көйнөктү үстүмө кийгизишип, башыма алтындан жасалган өтө кооз саймаланган корона кийгизишти да пайгамбар болгонум менен куттукташты. Албетте ошондо толкуган сезим азыр да мени келип удургутуп өз белгисин берип жатат. Бир аралык өткөн соң Хан жыттанган бул үйгө ааламдан Алтын Куштун учуп келе тургандыгын билдиришти. Сол ийнимди чапчыган оор салмактуу Алтын Кушту көзүм менен көрө алганым жок. Бирок сол ийним оорлошуп, матырган тырмактарын сезип жаттым. Ошондон тарта оозума ырлар куюлушуп токтолбой, өзүмдү кармана албай ырларды айта бердим. Турууга мүмкүнчүлүк даремет жок, денем оорлошу, кыймылга келбей ташка айланып калган. Ырлар албетте жазылбай калды. Азыраак эисмде калганы, мага кайрадан Ак Мөөр ат берилгени, Ак Мөөрдүн пайгамбар болгону, Алтын Куштун Эл башчыларга, хандарга дайыма кеңешчи болуп жүргөнү айтылып жатты. айрым жерлери эсимде жок. Жазылган ырлардан байкап көрсөңөр айланып учкан Алтын Куш көп жерден жолугат. .Азыр да мен ал жөнүндө жазып жатсам сол ийним оорлошуп, колум көтөрүлбөй калды. Алтын Куш өзүнүн чын эле бар экендигин билгизип, башын ийкеп жатат. Аздан соң Каныкей айтты: Бишкектен магнитофон алдырып, ошого айтылып жаткан ырларды жаздырасың деп. Иним Өмүрзак Бишкектен жаңы кыпкызыл кооз манитофон-радио апкелип берди. Ошол магнитофон азыр деле сакталуу. 1995-жылы марттын башында эшиктен бир адампайда болду. Ал киши мен Омар Хайяммын деп өзүн тааныштырды. Ал, Омар Хайямдын китептеринде тартылгандай чал эмес, көрктүү, бойлуу, алибеттүү, ирандыктар түспөлдөнгөн, башында чалмасы бар, азыркы тил менен айтканда аялзатын өзүнө тарта тургандай киши эле. Омар Хайям ошол биринчи пайда болушунда «О сүйүктүүм, Омар Хайям!» ырын жаратып менин оозума салды. Мен башым айланып ырларды айтып жатканымда жанына Манас пайда болду да: Омар, шарабыңды кошо айтып, кыргыздарды туура эмес жолго салып, бузба! Ырыңды шарабы жок айттыр!-деди. Кийинчерээк Муса пайгамбар келди. Авраам (Ибраим пайгамбар) келгенде мен аларды ачык көрбөй калган элем. Келген кездеринде өзгөчө белгилерин берип жатышты. Иусус 1996-жылы жайында төмөнкүнү айтты: жер бетинде Кудай тарабынан конкурс өткөрүлүп, баарысын ар тараптуу мен жеңип чыккандыгым жана жалпы адамзатка арналган Мыйзамдарды жазуу тагдыры мага туура келгендиги тууралуу. Авраамдын келишинен көп өтпөй мыйзам ченемдүүлүктөрдүн жана айрым мыйзамдардын аныктамалары келе баштады. Албетте мыйзамдарды жазууда да али күнгө чейин мен мыйзамдарды оозеки түрүндө транста айтып, диктофонго жаздырып алып, кайра кагаз бетине түшүрүп келүүдөмүн. Ал кезде жазууларды алып жатып ал жоболордун кандай ишке ашышын көп түшүнө берчү эмесмин. Бир жакшы билгеним мени күч менен эки ийнимден катуу бастырып, мага баш ийбеген тилимди сүйлөтүп, айттырышаар эле. Сүйлөп жаткан мезгилде сөздүн маанисин түшүнүп турганым менен, сүйлөп бүткөн соң эмне сүйлөгөнүмдү эстей албай калчумун. Ошондуктан айтылган сөздөрдү диктофонго түшүрүү зарылдык эле. Азыркы күндө калкка аздап тарап жаткан эки томдон турган «Основные Законы Развития человечества» ушинтип жаралган. Эки том тең оозеки түрүндө алынган. Жазуу түрүндө кагаз бетине түшүрүү эч мүмкүн эмес. Кагазга жазайын десең тилиңе келип жаткан сөздөр мейкиндикке кайрадан учуп кетишет. Албетте айтылганды алгач кагазга түшүрүп жазып жатканда эмне жазып жатканымды көп түшүнө бербедим. Бири-бирине байланышпаган тексттер го деп ойлогом.Ошондуктан биринчи томду жазуу 1997-жылдын 6-февралынан баштап 2002-жылдын февралына чейин созулду. Мыйзамдарды жазуунун арасында 2-3 жыл тыныгуу болду окшойт. Жарымдап жазып калганда бул мыйзамдар бир бүтүн системаны түзгөн бири-биринен ажырагыс абалда жайланышкан бир бүтүндүк экенин түшүнө баштадым. Мыйзамдардын экинчи томун 2003-жылдын май айынан тартып 2004-жылдын 28-мартына чейин кагаз бетине түшүрдүм. Экинчи том өтө интенсивдүү түрдө тез жазылганы келип жаткан жазуулардын мани-мазмунуна өтө бериле баштаганымдан болду. Кудайдын бул жиберип жаткан мыйзамдарына менин жеке кызыгуум күч мезгил эле. Андан тышкары асмандан толкуп келген энергия мени абдан өрөпкүтүп, толкундатып койгон учур болчу. Албетте диктофонго текстти сүйлөөнү жумуштан тыш жалгыз, ээндикте, түн ичинде жана дем алыш жана майрам күндөрү ишке ашырып, калган учурларда компьютерге терип жаттым. Албетте бул учурлар менин өтө чоң жоопкерчиликти мойнума алып, ички энергиям ташкындап, чексиз бактылуулукка чөккөн мезгилдерим болгон. 1996-жылы Фирдоусинин келиши чоң окуя болду. Аны менен алгач жолугушуудагы ыр Бал Китепке киргизилип жатат. Фирдоусинин келиши менен айтылып жаткан ырлардын поэтикалык формасы жакшы, көрктүү жагына өзгөрүлүп, ойду окурманга жеткириш жолунда кескин жакшыруу болгонун белгилегим келет.^ Көргөн айрым түштөрүм тууралуу 1991-жылдары жанга жагымдуу түштөрдү көп көрө баштадым. Алардын бирөөсү менин дүйнөлүк президенттер (5-6) менен жолугушуум болду. Алар баарысы бир залдын ичинде менин келишимди күтүп турушуптур. Мен келгенимде бетимден өөп кубанычтуу тосуп алышты. 1995-жылы январда айтып түгөтө алгыс ажайып түш көрдүм. Бейшемби, 12-Апрель 2007-ж.саат 21:09 Жума, 1-Июнь 2007-ж. 03:10Улуу Кудай буйруктары Улуу Кудай, Мекеним - Кыргызстан, Эр Манас жана кыргыз ^ Кудайдын жазган каттарын окуп, карагын! 13:47 – 15:00Элимдин сүйкүм элеси келип алдыма,Эзелки өткөн тагдыры көзгө тартыла,Таңданып карап турамын алды жагымды,Оргуштап сезим кайрадан конуп шагыма.Шашылган менен тагдырдын жолу ченемдүү,Кыргызым барат күрөшүү менен каныга.Карманып келем кайгымды тепсеп кынаптап,Мырзалар турса жолумду менин сынап бат.Сырымды төгүп турганда жолдон чыгышкан,Айрымдар бүгүн көрүнөт көзгө кылактап.Кырчангы кыргыз дагы эле толбой койду го,Татаалдык жолу барсынчы бизден ыраактап.Кыйлага карап мекеним кыргыз мелжиген,Тоолорун сүйөм токумдай булут жел тийген.Желеге байлап бээ сааган кыргыз энелер,Токою, талаа, тоолорум менин жан биргем.Сагынам сени санаага батып ар убак,Нукура кыргыз, тоолорун сүйөт чын дилден.Чар-тарап сурайт чакырат мени жанына,Асмандын нуру төгүлүп турган чагында.Балкыды көөнүм, өзүмө батпай турамын,Тоолорду тиктеп, аралап бассам адырда.Кагылам калкым, тоолоруң сенин тир укмуш,Кудайым берген Кыргызым Ата Багыма.Пааналап барып байландым суунун шарпына,Шагылдуу ташты көргөндө ойлойм калкыма - Жараткан өзү жардамын берген турбайбы,Тургузсун дешип үйлөрдү тоодон калкыма.Каралдым калкым, тоолоруң - нагыз турагың,Чыныгы кыргыз жеталат сенин баркыңа.Тоолорум мейкин мелжисе аалам асманын,Бүркүттөй шаңшып алдыңа далай каттадым.Суктанам карап аскасы бийик Ала-Тоо,Тиреги кылып кыргызга тоолор жараттың.Тоолордон гана бийиктик сыры жаралат,Учуруп көккө адамдын эки канатын.Тоолордун сырын тоолуктар кээде билбеген,Түзөңү аз деп кыйшаңдап кээси тилдеген.Тоолордон гана тунуктук бийик таралат,Сезбеген тоону адамдын көөнү кирдеген.Кылактап учкан бүркүтүн көрчү шаңшыган,Кыргызды нурдуу ааламга бийик үндөгөн.Үйүрлүү жылкы оттогон шибер жайыты,Кымызын татсаң торолтот оору, арыкты.Мекеним менин Кыргызстан – тоолуу түнөгүм,Туптунук суудан кармашат форель балыкты.Бактылуу кыргыз, байлыгың чексиз түгөнгүс,Айдасаң болот ааламга Кыргыз Кайыкты.Кыргыздар тоону жайлаган эмне себептен?Кейбирлер айрым ТОО сырын түзгө ченеген.Түзөңгө эмес бийиктик сыры тарткандан,Ааламга кыргыз умтулган сырдуу тереңден.Колдорун жайып Теңирге Улуу умтулуп,Даанышман жолду табышкан Аалам Кемеден.Талпынган Кыргыз тандамал жолду тапканы,Жакындап көккө Теңирге сөзүн айтканы,Кыргыздар кылдат нур топтоп жатат тоолордон,Кудайдын өзү тоолорго нурду чачканы.Шумкары кыргыз тоолорду сүйөт жанындай,Тоолорго Кудай асылдык сырын сактады.Тоолорго катты алтынды, дүнүйө, толгон кен,Жашаган тоодо табышкан олжо, Улуу Дем.Урматтуу калкым, кайрылам сенин өзүңө,Тоолору Кыргыз толкутат дүйнө болуп тең.Боюңа тарап асылдык сыры барганы,Ааламга түркүк болалган Улуу Тоодон дейм.Карегим калкым, тоолоруң калканч болгонун,Жүрөккө салып келечек жолуң болжогун.Тоолордо баркың, тоолордо даңкың кыргызым,Журттарга бөтөн алдырып байлык койбогун.Тоолору кыргыз алтынга, кенчке бөлөнгөн,Салгының эске тирлигин кыргыз оңдоорун.Тоолоруң сенин толкутат дүйнө дамамат,Тоосунан Кыргыз Уңгусу Жердин жаралат.Силкинсе тоолор эскертип Кудай жатканы,Анда эле болот бетинде жердин Алаамат.Тоолору кыргыз киндиги болот жерпайдын,Тоосунан Кыргыз нурлары Кудай таралат.Тоолорду жердеп кыргыздын барган себеби,Ал чындап эле Кудайдын берген Белеги.Тоолорду бийик мекендеп барса кыргыздар,Тоолордон ушу таралат Кудай тилеги.Даңкыңды сенин чыгарат Кыргыз билип кой,Андыктан тоолор кыргызга тирек-кереги.Тоолорго чыгып сөздөрүн Кудай тыңдагам,Асмандан карап Кудайым минтип ырдаган:- Ала-Тоо ашып алдыга талпын Кыргызым,Түздөгүн жолдор элиңди дайым кыйнаган!- Ак калпак элим кыйналды таппай жолдорун,Кыргызды колдоп чыкпады жандар кыйладан?Жер кезип көбү чет жерден издеп оокатын,Калк башчы сатып жок кылды кыргыз кымбатын.Саны аз элим карайлап калды карайлап,Колдооңду бизге көрсөт деп көксөп ыйладым.Асмандан айткан Кудайдын келди сөздөрү:- Каалаймын бүгүн өлкөсү Кыргыз сынбашын.Ырыскы колдо – Тоолордо турат бапырап,Тоолору тегиз кыргызды багып асырайт.Табылгыс алтын, кымбаттык кени ушунда,Айткының элге - жашайсың кыргыз бакубат.Айтканым бүгүн угушса менин кыргыз эл,Кыйчалыш жолдон чыгышат тездеп батыраак.Жибердим далай тазалык нурдун багытын,Жөнөткөн Мыйзам, каалоомду кабыл алышсын.Каңкуулап эле бөтөндөн жардам издебей ,Оокатын түздөө колунан келет кыргыздын.Жамырап чыккан жоогазын гүлүн эккендер,Тоолорго каттап жок кылсын куса, сагынчын.Бийлиги кыргыз болсун дейм менин колумда,Үшүшүп далай кабылган добул огуна.Топ жарып барып айткының өлкө башчыга,Бир ак боз бээни байлатсын кыргыз сообуна.Чыгарып канын атына Кудай атасын,Бышырсын этин жыгачтын күйгөн чогуна.Буркурап жыты чыкканда жерге барамын,Чогулган Кыргыз айтышсын тилек-талабын.Тилегин кабыл кылууга болот Кыргыздын,Тилине сениң салдым го Кудай жарагын.Жайнаган Кыргыз жолукса минтип айтасың:Кудайдын жазган каттарын окуп, карагын!Жогортон айтып жаздырып келем Каттарды,Ааламдан келген каттарды окуп жатканды,Алкадым дайым айта бар кыргыз калкына,Билишсин баары каттарды Кудай жазганды.Мыйзамын Кудай окусун дагы кыргызым,Тоолорго чыгып карасын тунук асманды!Тоолордун сыры токумдап бирден жазылат,Мингениң бирден болот го күлүк аргымак.Күйүттүү кыргыз алдыга жүрүш саласың,Кыргыздын теги болгон гоУлуу Асылзат.Тартынбай эле кайрыла берсин Кудайга,Кыйласын кыргыз торолтом бирден аруулап.Кыйналган кезде түркүктү издеп таппасаң,Датыңды толгон атына Кудай айтпасаң,Анда эле кыргыз болбостон туна чөккүлө,Дартыңды толгон чыгаргын ичке катпастан.Апачык айтып кыргыздын кунун сурагын,Токтотсун арак дайыма ичип баш жазган.Жарты нан болсо бөлүшкөн барбы арада,Кыргыздар бүгүн түшүшкөн чындап санаага.Кыйнала бербе жүрүшү кыргыз оңолот,Топтолгон тоолук журүшөт Бишкек калаада.Байкаса болот айрымдар салат суракты,Кыргыздар неге калышты ара-талаада?Тентиген кыргыз теңселе басып жүргөнү,Айрымдар аны сезбестен арсыз күлгөнү.Бириңе-бириң көлөкө боло албасаң,Соолуйт го анда ачылган назик гүлдөрү.Ынтымак-ырыс толгондо кешик артат дейт,Эмнеге кыргыз маанисин сөздүн билбеди?Билимдүү кыргыз кыл чайнап басат акырын,Байкадым карап асмандан анын акылын.Акылды топтоп даанышман боло албасаң,Билимиң менен чаппайсын жоонун батылын.Баяндап берем башынан аяк тыңдасаң,Мен дагы сүйөм ар иштин ылдам, бачымын.Байкаган болсоң билимдүү болуп алгандар,Башканын гана сөздөрүн жаттап баргандар.Омоктуу сүйлөп, ээн-эркин жылма басса да,Акылды калчап иш жасай албай барган бар.Байыртан келген арманы ушул адамзат,Акылдын кенчин алалбай келет адамдар.Даанышман акын омоктуу сырын жазганда,Акылын ага Кудайдын өзү айткан да.Агартуу ишин жүргүзүү менен бирдикте,Жугузуп акыл барышат айрым жаштарга.Акылга малбай баштарын «билим алгандар»,Акылын уккун айтылган Кудай асманда.Дээринде жоктор делөөрүп нени барганы,Толбосо акыл кайдагы диплом алганы?Агартуу ишин жүргүзүп жаткан көзүрлөр,Билсеңер боло ыймандын кайда калганы?Келечек ишин кемитип салдың бир топ жыл,Кемире берсең не болот кыргыз балдары?Кыйналган кыргыз кымбатын издеп дамамат,Кыл чайнап келет Кудайдан сурап Салават.Салават болгун, кем болбо кыргыз балдары,Баарыңа тегиз арнаарым бата - улуу салт.Кыйналган күндөр артыңда калсын, жол ула,Болбосун ичте, тышыңда чексиз алаамат!Эр жеткен кыргыз эсиңе алгын дагы да,Билимден мурун акылман болгун багыңа.Билимдүү билсе, акылман бийлейт жер шарын,Баргыла кыргыз жамандык жолдон арыла.Батамды арнап бак тилеп барам кыргызым,Тукумуң өсүп тың чыксын жердин шарында!Сурасаң акыл сур булут менен саламын,Түйшөлтүп көпкө ээрчитип арттан барамын.Акылман болуп даанышман жолду чапкандар,Колуна алат ааламдын күчтүү жарагын.Ааламдын сүрү Ак Мөөрдүн асыл дилинде,Окугун ачып Кудайдын жазган барагын!20:18Бал тилге салып баамдадым кыргыз балдарын,Бакыбат турмуш жалпыга тегиз камдарым.Кайратман болуп калкында кызмат өтөгөн,Белести ашат бек болуп жүргөн жан дагын.Жагымдуу сүйлөп жандалбас кылган айрымдар,Бийликти эңсеп арамдык жолго салбагын.Абалы кыргыз жагымдуу болуп калганы,Кудайдын өзү жардамга элге барганы.Жанар тоо болуп атылып келчү арада,Жардыгы бийлик жан-жагын азга карады.Камаарып койбой жүргөндөр бар го арада,Түйшүктү үйүп, арылтпай бир да санааны.Сан жылдыз сүйлөп кайрылып Кудай жатканда,Чагылган түшүп үшүңдү алат асманда.Кыргыздын жолу өзгөчө болуп жаралсын,Олуттуу иштер жазыла берип дастанда.Бийлиги кыргыз кымбаттык жолун таап алса,Кабылбайт кыргыз кийинки мындай балаага.Асмандан Кудай кайрылып калкка ыр жазса,Кыйналган кыргыз оңоло баштайт бир канча.Айрылдың далай мүлкүңдөн кыргыз карагым,Жорукту арам, жагымсыз жолду ырбатпа!Чыркырап турган кыргыздын куну куулат,Уурулар көпкө чалкалап жатпайт шырдакта.Канатын кыркып тайгылткан кыргыз кайратын, Таанылгыс болуп тентиген бойдон каласың.Кабырга сөөгүн талкалап кеткен кыргыздын,Душманы болуп баргандар жолдон адашсын.Жылына жазган каттарым окуп кабар ал,Кыргыздар чындап дүйнөнү мында каратсын.Кабагы ачык кыргыздар барат калаада,Айрымдар толгон илдетке, жүктүү санаага.Саамайың сылап айтканын уксаң Кудайдын,Өлкөсү кыргыз калбайт го чөлдүү талаада.Талпагын жайып жай таппай калган жарандар,Оокаттуу болуп өр тартсын биздин арада!^ Падышага осуятЭлди тегиз карап жаткан акылмандын бир көзү -Жумулса да сезет баарын – бул Кудайдын сүрөөсү.***Теңир берген даанышмандык эл ичине чачат сыр,Сындап айткан сөзү бүтүн элге чачкан ысык нур.***Бийлик колдо болгон кезде тазалагын көөнүңдү,Эрегиштик кылбагының бийик кармап өзүңдү.***Бийлик деген таттуу болуп бийиктикке шердентет,Бакыт кушу бирге болсо дүйнө жүзүн термелтет.***Бийлик жааган кардай болуп жердин бетин жашартат,Ылайланып кеткен кезде тагдыр ыйлап баратат.***Бийиктиктин бир элеси – калк башчынын сүрөөсү,Бакыт, байлык топтолгону – ал жашоонун мүдөөсү.***Баркты билген падышалар калкын сурап салат үн,Капа кылбай букарасын журтка берет сүйүүсүн.***Падышанын баркы кетип турган кезде кансырап,Сөзү өтпөй өз элине башы анын жанчылат.***Билимдүүлүк болгон кезде акылмандык кошпосоң,Эл башкарып баралбайсың мыктыга да окшосоң.***Падышанын акылманы алдастабай кылган иш,Туура жолго из салганы, адилеттүү, мүшкүлсүз.***Падышанын баркы кетип алдастаган чагында –Арман кылып сйлөп чыгат өз элине таарына.***Алаңдаган арсыз болсо падышанын мүнөзү,Журт ичинде ылдый болуп турат анын сүрөөсү.***Ишти кылдат жасай билип элдин көзүн тааныгын,Акылмандык жуурулушсун элге анан таарынгын.***Элет эли жакыр болсо жакшылыктуу карагын,Падышасың ошол элге, керегине жарагын.***Ыркы кетип турган кезде өз элиңдин ичинде,Өзөгүңдөн чыккан жалын саят жүрөк тешилте.***Алды-артын карабаган падышанын залалы –Калкын өрттөйт. Чындык жүзүн таразага салалы.***Жакырдыктын чоң белгиси – падышанын күнөөсү,Эл мүңгүрөп турган кези – алсыз болгон мүнөзү.***Жакшы менен жамандыктын айырмасын сезгенде –Ал падыша тыңшайт сөздү акылмандык кез келсе.***Барктуу болоор калк башчынын акыл-кенчи көп болот,Кыйын-кезең туш келгенде чаң-тополоң токтолот.***Чагымчылык топтолгондо акылмандык жарашсын,Адалдыктын бийиктигин элге тегиз таратсын.***Даанышман сөз айтылганда калк башчысы угалса,Каалаганча ачам сырды бийик болуп туралса.***Теңир берген акылмандык жер бетине таралсын,Калк башчысы угуп сөздү алды-артын карансын.***Айтылган сөз – даанышмандык жер бетине таралта,Жебе болуп учам жерден дүйнө жүзү карарса…***Деңиз болуп чайпалганда калк башчынын тилеги,Калкын сыйлап эл сураса таза болот жүрөгү.***Жымың, жымың, жымың эткен жылдыздардан келген сөз,Жер


Не сдавайте скачаную работу преподавателю!
Данный реферат Вы можете использовать для подготовки курсовых проектов.

Поделись с друзьями, за репост + 100 мильонов к студенческой карме :

Пишем реферат самостоятельно:
! Как писать рефераты
Практические рекомендации по написанию студенческих рефератов.
! План реферата Краткий список разделов, отражающий структура и порядок работы над будующим рефератом.
! Введение реферата Вводная часть работы, в которой отражается цель и обозначается список задач.
! Заключение реферата В заключении подводятся итоги, описывается была ли достигнута поставленная цель, каковы результаты.
! Оформление рефератов Методические рекомендации по грамотному оформлению работы по ГОСТ.

Читайте также:
Виды рефератов Какими бывают рефераты по своему назначению и структуре.

Сейчас смотрят :

Реферат Оптимізація реконструктивної хірургії монокулярної травматичної катаракти у дітей
Реферат LaoTzu The Moderation Of Rule Essay Research
Реферат Административное правонарушение и ответственность
Реферат Raisin In The Sun Themes Essay Research
Реферат Особенности рассмотрения арбитражным судом дел о возмещении убытков
Реферат Конюшина повзуча конюшина польова копитняк європейський
Реферат Методы аргументации и убеждения собеседника
Реферат Сущность и организация страхования, государственный надзор за страховой деятельностью
Реферат Мораль, право, политика как этическая сфера
Реферат Российский и зарубежный опыт развития социальной рекламы
Реферат Seatbelts Essay Research Paper Censorship in SocietyIf
Реферат Проектирование базы данных "Аптека"
Реферат Should Steroids Be Banned Essay Research Paper
Реферат Трудовой договор (контракт): понятие, стороны и содержание
Реферат Catcher In Rye Point Of View